Депутат Туманбаева: Соцтармакта зомбулук жасаган адамдын бетин ачык көрсөтүү керек

Депутат Туманбаева: Соцтармакта зомбулук жасаган адамдын бетин ачык көрсөтүү керек

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Талкуу учурунда депутат Рада Туманбаева кылмышка шектүүлөрдүн жүзүн, аты-жөнүн социалдык тармактарда жашырбай ачык көрсөтүүнү сунуштап, зомбулук жасаганга шектелгендерге чара колдонуу боюнча өзгөртүүлөр керек экендигин билдирди.

 «Алардын бетин жаап-жашыруунун кереги жок. Коом алардын ким экенин билсин», — деди эл өкүлү.

Туманбаева аймактарда жашагандардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамдын бар экендигин билишпейт экенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>