Депутат Турускулов автоунаалардын бажы алымына киргизилген жеңилдиктердин мөөнөттүн узартууну сунуштады

Депутат Турускулов автоунаалардын бажы алымына киргизилген жеңилдиктердин мөөнөттүн узартууну сунуштады

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер сааты өтүп жатат. Анда депутат Жыргалбек Турускулов автоунааларга киргизилген бажы алымдары тууралуу маселе көтөрдү.

Ал машинага болгон бажы алымдарына киргизилген жеңилдиктердин мөөнөттүн узартууну сунуштады.

«2020-жылы 1-январдан тарта автоунааларды ЕАЭБден сырттан алынып келген унааларга бажы алымдарындагы жеңилдиктер токтойт. ЕАЭБтин тарифтери кайрадан күчүнө кирет. Бажы кызматынын статистикалык маалыматында ЕАЭБтин тарифтери киргени Кыргызстанга 2016-жылы 489 автоунаа гана кирген. 2017-жылы 867 унаа, 2018-жылдан баштап Өкмөттүн токтому менен Кыргызстанга 7792 машина кирген. Ал эми 2019-жылы 15 128 автоунаа киргизилген. Бажы алымдарына жеңилдиктерди киргизгени өлкөнүн экологиялык жана экономикалык абалына таасир берди. Мисалы, экологияны булгаган эски унаалар азайып, жаңы машинанын саны көбөйдү. Ошондуктан Өкмөткө  бажы алымдарына киргизилген жеңилдиктерди берүү мөөнөттүн узартуу сунуштайм», — деди Турускулов.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматка ылайык, аталган ведомство 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт. Бул төрт жыл мурда август айында жеке тараптар үчүн атайын токтом менен бекитилген. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бекитилген болчу.

Бажы кызматынын берген маалыматына таянсак, эгерде 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб болгон автоунаа мурда 1 250 доллардан кирип жүрсө, жаңы жылдан тарта 13 600 доллар болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>