Site icon Reporter.kg

УКМК кызматкерлерине салынган үй, жетимдерге курулбай жатат, — депутат

default

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева жетим балдар үйүнөн чыгып жаткан балдар-кыздарга турак салуу маселеси чечилбей жатканын айтып чыкты.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда жыл сайын 300-400 бала интернат, жетим балдар үйүнөн чыгат.

«Аларды кайсы жакка жайгаштырабыз деп 2 чакырылыштан бери айтып келе жатабыз. Биз укук коргоо органдарына, УКМК жана бажы кызматкерлирине үй салып жатабыз. Бишкек менен Ош шаарында жетим балдарга үй салып беребиз деп канча жылдан бери талап коюлуп келе жатат. Ар жылы өкмөт алмашат, макул дегени менен чечир беришпейт. Бишкек менен Ошто эки үй салыныш керек. Эртең баштайбыз деп убакыт өтүп кетүүдө», — деди ал.

Белгилей кетсек, коомчулукта мугалимдерге, дарыгерлерге үй курулбай, УКМК кызматкерлерине салынып жатат деген сындар айтылып келет. Ал сындарга жакында УКМК кызматкерлерине батирдин ачыктарын тапшыруу учурунда президент Садыр Жапаров жооп берген.

Жапаров УКМКнын кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version