Site icon Reporter.kg

Кемпир-Абад боюнча каршы чыккан 19 депутатка коркутуулар болууда, — депутат

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген 19 депутатка коркутуулар болуп жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, депутаттардын айрымдарынын туугандары мамлекеттик кызматтан алынып жатат.

«Кечээ туулган күнүм (23-ноябрь – ред.) болгон. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сизге чоң рахмат, менин туулган күнүмө берген белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма «иш козгойм» деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да унутпайм. Бирок 2020-жылдын 5-октябрынан 2 жыл өткөн соң, парламентке келгенден кийин мени УКМК ушинтип коркутат деп ойлогон эмесмин. Депутаттар менен сүйлөшсөм, баарынын тааныш-жакындарын жумуштан алыптыр», — деди ал.

Сурабалдиева Бакиев убагында да мындай болбогонун белгиледи.

Ал быйыл жай айларында эле Салык кызматы апасына таандык болгон «Кудайберген» базарын текшергенин айтып, эми эки айдан кийин УКМКнын кызматкерлери туугандарынын бизнестерине келип, коркутуп жатканын билдирди.

«Ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада каласың» деп коркутуп жатышыптыр», — деди ал.

Парламенттин жыйынына өкмөт, анын арасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келгенде, төрага Нурлан Шакиев министрлер кабинети келгенге чейин Камчыбек Ташиевдин аты аталып калганын айтып, ага сөз берди.

«Мен унаада келе жатып угуп калдым. Депутат Элвира Сурабалдиева биздин УКМКнын кызматкерлери коркутуп-үркүтүп, салык боюнча маселени көтөрүп жатат деп айтты. Бул боюнча бир түшүндүрмө берип коеюн. Элвира Жыргалбекованын бир туугандарынын карамагында «Кудайберген» деген базар бар. «Кудайбергенде» 3 миңден ашык контейнер бар. Ошол контейнерлердин ар биринен булар 2-3 миң сомдон жыйнадык деп отчет беришет. Бирок эң аз дегени 7-15 миңден жыйнашат. Ошол жерде Салык кызматы салыктардын баарын эсептеп чыкканда – аны УКМК эсептеп чыкпайт – «Кудайберген» базары мамлекетке 70 млн сом салык төлөбөй койгону аныкталды. Бул боюнча акт түзүлгөн жана аны булар төлөөгө милдеттүү. Ал элдин, мамлекеттин акчасы. Депутатмын, трибуна бар деп туура эмес маалымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кимге эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз, кылууга акыбыз да жок», – деди ал.

Сөзүн улай Ташиев ага карата эч кандай дооматтар болбошу керектигин, текшерүү боюнча Салык кызматы менен такташып алууну сунуштады.

Андан кийин Элвира Сурабалдиева сөз алып, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдон «Кудайберген базарында 2,5 ай текшерүү жүрдү. Канча салык кошумча чегерилип, канчасын төлөштү?», — деп сурады.

Алтынбек Абдувапов болжол менен 2 млн сом салык төлөнгөнүн билдирди. Бирок ал Камчыбек Ташиев айткан 70 млн сом тууралуу айтып, анын айткандарын ырастаган жок.

Сурабалдиева: «Текшерүүдөн кийин канча убакыт өттү. Ошондон кийин сизди адаштыңыз деп УКМК текшерип, Салык кызматынан бирөө жоопкерчиликке тартылдыбы», — деп суроо салып, «жок»деген жоопту алды.

«Камчыбек Кыдыршаевичтин бир тууган иниси (Шаирбек Ташиев – ред.) «Элвира сен Кемпир-Абадга каршы добуш бербедиңди, өзүңдөн көр» деген сөздү кандай түшүнөйүн анда», — деди депутат.

Сурабалдиева Кыргызстанда эки президент башкарып жаткандай элес калып жатканын билдирди.

«Бизде мамлекетибизде канча президент бар? Бир президент, туурабы? Бирок менде эки президент болгондой сезим калып жатат. Ошол эле кезде, «жашыруун» президент каалагандай калчап, каалаганын коркутуп, каалагандай кылып жатат. (…) Менин катышым жок деп алдабаңыз. Эки ай мурда Салык кызматы эмнеге келип кетти?! Азыр бир айдан кийин өчөшкөнсүп, эмне майдаланып жатасыз?! Кабинеттен кууп чыктыңыз (депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы тууралуу – ред.), бул жакта отурган депутаттар сүйлөй албай калышты. Кечээ кыргызстандын жаранын (журналист Болот Темиров тууралуу – ред.) кууп салдыңар. Сизге жакпагандын баарын кууп, атып эле салбайсыздарбы, айтканыбыз жакпайт экен», — деди ал.

Ташиев анын дарегине айтылган айыптоолорго тиешеси жок экенин айтты.

«Сизди көргөн да, уккан да, сүйлөшкөн да жокмун, сиз менен эч кандай байланышым жок. Ким менен байланышыңыз болсо, ошого таарыныңыз. Өлкөдө канча президент бар экенин билбесеңиз, сизге уят эмеспи. Майдаланып менин эч нерсе кылган жокмун. Кечээ жараныңыз боюнча… Сот чечим кабыл алып, өлкөдөн чыгарылды. Мен ал тууралуу билген да эмесмин. Иш боюнча жүрөм, эки үндөн бери кесиптештеримди тосум жаттым. Ал өлкөдөн чыгарылганы тууралуу билген эмесмин. Үйгө түндө келгенден кийин гана билдим. Аны өлкөдөн эмне үчүн чыгарышканын таанышып чыксаңыз», — деди ал.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version