Site icon Reporter.kg

Депутат: Үйүнөн ажыраган жаран өзүн өлтүрөм деп жатат (видео)

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кенештин жыйынында депутат Жанар Акаев Бишкектин Рухий-Мурас конушунда, 7-мартта, соттун чечими менен үйүнөн күчтөп чыгарылган үй-бүлөнүн маселесин көтөрдү.

Ал жыйында ИИМ, Башкы прокуратура жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«7-мартта Бишкектин Рухий-Мурас конушунда милиция, сот аткаруучулар соттун чечими деп, бир үй-бүлөнү (алты небереси менен) баарын сүйрөп, көчөгө алып чыгып коюшту. Кошуналары боз үй тигип берип, үйүнүн жанында жашап жатат. Эң кызыгы алардын арызын эч ким уккан эмес. 2005-жылы кол койгон деген жалган маалыматты алып туруп, алдамчылыкка шектелип соттолгон адамдар үйүн тартып алыптыр. Азыр неберелери менен боз үйдө жашап жатыптыр, баары ооруп жатыптыр», — деди ал.

Ал билдиргендей, үй ээси бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңешке келип, акыйкаттык болбосо, өзүнө кол саларын айткан.

«Бүгүн келип, чындык таппасам, бир жумада өзүмдү-өзүм өлтүрөм деп баарыбызды нес кылып кетти. Чек ара кызматынын маалыматын окудум, ал үй-бүлө 2005-жылы Орусияда жүргөн учурда, бул жакта кол койду деп, жасалма кол тамга жасап койгон. Жөнөкөй карапайым үй-бүлө шылуундарга алданып, кечээ соттун чечимин аткарабыз деп күч органдары аларга жардам берип, ушундай окуя болуп жатат», — деди ал.

Акаев сөзүнүн аягында бул маселеге күч органдары көңул буруп, Башкы прокуратура кол тамга боюнча экспертизанын жыйынтыгын кайра карап чыгуусу керектигин айтты.

Эскерте кетсек, 7-мартта Бишкектин Рухий-Мурас конушунда бир үй-бүлө соттун чечими менен үйүнөн күч менен чыгарылган. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган. Бул окуядан кийин үйүнөн ажыраган жарандар президентке кайрылуу жасаган.

Видео: Үйүнөн күчтөп чыгарылган үй-бүлө президентке кайрылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version