Site icon Reporter.kg

Депутат: Ысык-Көлдө селден жабыркагандар кенемтесин ала элек

Ысык-Көл облусунда селден жабыркаган жарандарга кенемте төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат быйыл августта катуу жаан-чачындан улам Ысык-Көлдүн бир нече айылында сел жүргөнүн эске салып, өкмөт кыяндан жабыркагандарга кенемте бере электигин айтты. Мамашова билдиргендей, ага бул маселе боюнча Корумду айылынан мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар аял кайрылган.

«1-2-категорияда жабыркаган үйлөргө кенемте төлөнө элек экен. Жеңил жабыркаган 3-категориядагы үйлөрдүн ээлери акчаны алыптыр. Оор зыян тарткан үйлөр үчүн акча дагы деле бөлүнүп бериле элек экен», — деди ал.

Жакынкы мезгилде кар жаап, суук түшө турганын айткан Мамашова кенемте ала элек болгондуктан селден жабыркаган жарандар үйүн жылуулай, оңдоо жүргүзө албай жатканын белгиледи. Ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алууну суранды.

Exit mobile version