Site icon Reporter.kg

Депутат Жамалдинов: Эшектин териси бар, эти кайда кетип жатат?

Ветинспекция 5 миң эшек терисин чыгарып кетүүгө уруксат бериптир. Эшектин териси бар да, эти жок, алар кайда жана кантип сатылып жатат? Мындай соболду бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер саатында депутат Зиядин Жамалдинов аткаруу бийлигине берди.

Эл өкүлү Ветернария жана фитосанитария инспекциясы кытайдын бир компаниясына Торугарт өткөрмө жайы аркылуу 5 миң эшектин терисин 60 күндүн ичинде чыгарып кетүүсүнө уруксат бергенин айтып чыкты.

«Эшектин териси бар да, эти жок, алар кайда жана кантип сатылып жатат? Көптөгөн жарандарыбыз ушуга тыңгылыктуу жооп алалбай жатат. Мен бул маселени мурдагы дагы көтөргөм, Ветернария жана фитосанитария инспекциясы болбогон бир шылтоолорду айтып, жүйөлүү жооп бералган эмес. Эмне, эшектин терисин эмес, аны тирүүлөй алып чыгып кетүүгө уруксат берсе болбойбу? Менимче, булардын артында таасирлүү адамдар турат. Азыр колума документ тийди, анын укук коргоо органдарына тапшырам, иликтеп көрсүн», — деди депутат.

Exit mobile version