Депутат Жамалдинов: Мас абалында жол кырсыгына кабылган судьяга түзүлгөн протоколду жокко чыгарбоо керек

Депутат Жамалдинов: Мас абалында жол кырсыгына кабылган судьяга түзүлгөн протоколду жокко чыгарбоо керек

Мас абалында унаа айдап баратып жол кырсыгына кабылган судья Элмира Сулайманова боюнча депутат Зиядин Жамалдинов үн катты.

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «ар кандай» маселелер саатында Жамалдинов судья өзүнө карата түзүлгөн протоколду жокко чыгарууну суранып Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылганы туура эмес экенин билдирди.

«Судьялардын коомдук жайда жүрүү тартиби болушу керек. Ал сотко арыз менен кайрылып, инспектордун ага карата түзгөн протоколун жокко чыгарууну талап кылыптыр. Сулайманова өзү менен чогу иштеген кесиптештери анын арызын карайт экен. «Карга карганын көзүн чукубайт» дегендей анын кесиптештери инспектор судьяга карата түзгөн протоколун жокко чыгарып салат. Эгер инспектордун протоколун жокко чыгарып салса, экинчи судьяларга МАИ кызматкерлери протокол түзбөй коёт. Ошол себептен бул ишти кылдат кароо керек», — деди депутат.

Белгилей кестек, 30-декабрь күнү жол коопсуздук кызматынын тескөөчүлөрү «Нексия» машинесин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен «Тойота» автоунаасынын айдоочусун  артынан кууп барып кармап, ага 3 берене боюнча пратокол толутурушкан.

Кийин айдоочу Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова экени аныкталат.

Окуянын видеосун жергиликтүү телеканалдын журналисттери тартып алышкан. Видедодо судья экенин айткан айдоочунун жанында эч кандай документтери жок болуп чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>