Депутат Жамалдинов: Түрк тарап өз каражатына оорукана куруп берели десе өкмөт унчукпай отурасыңар

Депутат Жамалдинов: Түрк тарап өз каражатына оорукана куруп берели десе өкмөт унчукпай отурасыңар

Кыргызстанда заманбап ири клиника курулуп калса, биздин элибиз үчүн жакшы болмок. Анын Өкмөткө кереги жок болсо, элге керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер саатында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Ал 2018-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде медициналык факультетти ачып, окуу жайдын алдында заманбап ири клиника куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн эске салды.

«Өкмөт канча орундуу клиника куруу боюнча өзүнүн жообун бермек. Андан бери бир жыл өттү, Өкмөт болсо эмнегедир жообун бербей жатыптыр. Ушундай да болобу? Түрк тарап өз каражатына куруп берели десе, биздин унчупай отурганыбыз жакшылыктын жышааны эмес. Кыргызстанда заманбап ири клиника курулуп калса, биздин элибиз үчүн жакшы болмок. Кыргыз жарандары Түркияга барып дарыланбай, Бишкектин өзүндө эле сакайып турушмак. Анын Өкмөткө кереги жок болсо, элге керек. Мындай мыкты демилгелерди унутта калтырбай, тезинен жообун бериши керек», — деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>