Депутат Жамалдинов транспорт министри Жогорку Кеңештин жыйындарына келбей жатканын сынга алды

Депутат Жамалдинов транспорт министри Жогорку Кеңештин жыйындарына келбей жатканын сынга алды

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында транспорттук көзөмөл жайларына салмак көлөмдү көзөмөлдөө процессин автоматташтыруу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Анда депутат Зиядин Жамалдинов транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеңештин, комитеттин жыйынына келбей жатканын сынга алды.

«Эмне үчүн министр өзү жыйынга келбейт. Ал эмне жумуш кылып жүрөт? Эки жыл мурун транспорт жана жолдор министринин орун басары пара алууга шектелип кармалгандыгы үчүн кызматтан кеткен. Азыркы министр эмнеге бул жөнүндө ойлонбой жатат? Бүгүн министрликке тиешелүү мыйзам долбоору каралып жаткандан кийин жыйынга келиши керек болчу», — деген нааразычылыгын билдирди эл өкүлү.

Зиядин Жамалдинов Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, министр эмне себептен парламенттин жыйынына келбегенин тактоо керектигин айтты.

Алмасбек Абытов Жанат Бейшенов кечээ министр комитет жыйындарына катышканын билдирип, бүгүн эмнеге Жогорку Кеңешке келбегени тууралуу тактай турганын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>