Site icon Reporter.kg

Депутат Жаныбек Бакчиев 8 жыл мурдагы иши боюнча УКМКда сурак берүүдө

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин «Бир-Бол» фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев УКМКга суракка барды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жаныбек Бакчиев суракка Каттоо кызматында жетекчи болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу чакырылганы  айтылды. Учурда ал тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатат.

Белгилей кетсек, Бакчиев 2011-жылы Каттоо кызматынын жетекчилигинен кеткен. Ал кызматтан кетүү себебин аны дайындоого сунуштаган партия жаңы көпчүлүк коалицияга кирбей калгандыгына байланыштырган.

Exit mobile version