Депутат Жапаров: Өкмөт тарабынан алынган насыя, гранттарды мамлекет тарабынан көзөмөлгө алган орган жок

Депутат Жапаров: Өкмөт тарабынан алынган насыя, гранттарды мамлекет тарабынан көзөмөлгө алган орган жок

Өкмөт тарабынан алынган насыялык жана гранттык каражаттын пайдаланылышын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында 1993-2018-жылдары Кыргыз Өкмөтү тарабынан алынган кредиттердин жана гранттардын пайдаланышы тууралуу маалымат угулду.

Жапаровдун маалыматына ылайык, Кыргызстан 1993-2018-жылдар аралыгында 10 млрд 193 млн доллар көлөмүндө гранттык жана насыя каражаттарын алган. Анын ичинде насыялар – 7 млрд 320 млн доллар, гранттар – 2 млрд 873 млн доллар. Ал эми техникалык жана гуманитардык жардамдар жаатында бирдиктүү маалымат жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>