Депутат Жапаров долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын 15% кеңеш берүү кызматына жумшалганына нааразы

Депутат Жапаров долбоорлорго бөлүнгөн каражаттын 15% кеңеш берүү кызматына жумшалганына нааразы

Бүгүн, 15-февралда өткөн Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Каржылоо тууралуу макулдашуунун долбоору жактырылды.

Долбоордун негизги максаты Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айыл өкмөттөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат. Макулдашууга ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 5,4 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант жана 6,6 млн АКШ доллары көлөмүндө насыя берүү жолу менен колдоо көрсөтүүдө. Белгилей кетсек, бул долбоор  COVID-19га каршы күрөшүүдө айылдарды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунунун алкагында кошумча каржыланууда.

Каржы айылдык аймактардын социалдык маанилүү маселелерин чечүү үчүн багытталган. Айылдардын инфраструктурасына: суу менен камсыз кылуу системаларын курууга, ФАП, мектеп, бала бакча, спорттук курулмаларды жана башка социалдык обьектирлерди курууга инвестициялар берилген.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын 17 млн АКШ доллар өлчөмүндө “Айылды инвестицилоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо” долбоору жөнүндө макулдашкан.  Макулдашуунун финансылык шарттары боюнча белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан берилип жаткан 17 млн доллардын 8,5 миллиону грант, 8.5 миллиону насыя болуп саналат. Кредиттин мөөнөтү —  38 жыл, жеңилдетилген мезгил —  6 жыл, пайыздык чени – 0,75%.

Депутат Акылбек Жапаров каражаттын дээрлик 15%ы консультациялык кызматтарга кетип жатканына нааразылыгын айтып, АРИСтин ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн карап чыгуу керек деген сунуш берди. Бул үчүн комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи. COVID-19га каршы күрөшүү үчүн берилген акчаны жол салуу, имарат куруу сыяктуу ар башка жактарга эмес, саламаттык сактоо тармагына колдонулушу керек болчу деди эл өкүлү.

Каржы министрлигинен билдиргендей, долбоор 3 компоненттен туруп, 4 жыл ичинде ишке ашмакчы.

Талкуу маалында депутаттар Сайдулла Нышанов жана Төрөбай Зулпукаров каражат айыл өкмөттөргө  кантип бөлүштүрүлөрүн тактады. Маалым болгондой төрт областтагы 222 айыл өкмөткө 20 миң доллардан 100 миң долларга чейин каражат берилмекчи. АРИСтин долбоору боюнча координатору каражат кишинин санына карап бөлүштүрүлөрүн билдирди.  Ал эми долбоордун экинчи этабында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айыл өкмөттөрүнө каражат берилерин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>