Депутат Жээнчороев: Өкмөт жоопкерчиликти аткара албай жатса отставкага кетсин

Депутат Жээнчороев: Өкмөт жоопкерчиликти аткара албай жатса отставкага кетсин

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Мирлан Жээнчороев медицина кызматкерлерине коронавирус менен ооруса 200 миң сомдон берилет деп, бүгүнкү күндө 100 миң сом берилет деген маалымат чыгып жатканын айтты.

Эл өкүлү бул алдамчылык экенин билдирди.

«Өкмөт эмнеге так маалымат бербей жатат.  Дарыгерлер оорунун очогунда жүрөт. Бул алдамчылык. Мындай жоопкерчиликти аткара албаган өкмөт отставкага кетиш керек. Өткөн жылдагы отчёту да кечигип жатат», — дейт Жээнчороев.

Төрага Дастан Жумабеков өкмөттүн отчётунун кечигип жатканынын жүйөлү себеби бар экенин айтты.

«Эки аптага Өкмөттүн 2019-жылдагы отчёту кечигип жатат. Өкмөт 13-14-майда келип маалымат берет. Бардык комитеттерден өткөн», — деди төрага.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>