Site icon Reporter.kg

Депутат Жумабеков Швециядагы Курандын өрттөлүшүн сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков бүгүн, 26-январдагы парламенттин жыйынында Швециядагы Курандын өрттөлүшүн сынга алды.

Жыйында Жумабеков аталган окуя туура эмес көрүнүш экенин айтты.

«Нидерланд менен Швециянын жарандары, айрыкча Швеция мамлекетинин бир партиясынын лидери биздин динибизге, ислам динине акарат келтиргени мени абдан өкүндүрүп турат. Ал жакта биздин ыйык китебибиз Курандын өрттөлүшүнө абдан кайгырып турамын. Бул исламофобия, ислам динин дискриминацияга алып келген терс көрүнүш экенин айткым келет. Дүйнө жүзүндө ислам динин туткан көптөгөн туугандарыбыз бар. Алардын баарын капа кылып отурат. Аталган мамлекеттин укук коргоо органдары ушундай чагымчылдык кылган жарандарына мыйзам чегинде чара көрөт деп ишенем», — деди Жумабеков.

Сөзүн улай ал жалпы мусулман коомчулугун сабырдуулукка чакырды.

«Кыргызстанда дин тутуу ар кимдин өзүнүн эрки. Биз демократиялуу мамлекет болгондон кийин биздин Коснтитуциябызда ошентип кабыл алынган. Бирок менин диним ислам, китебим Куран болгондуктан карап отура алган жокмун. Аз да болсо үнүмдү жеткирип коеюн деп чечтим. Ошондой эле жалпы мусулмандарды сабырдуулкка чакырам. Андай адамдарды Кудайга тапшырдык. Бирок өзүнүн кемчиликтерин билип, ал саясатчылар кечирим сурайт деп ойлойм. Дүйнөдө тынчтык болсун», — деди ал.

Эскерте кетсек, 21-январда Түркиянын Швециядагы элчилигинин алдында жергиликтүү партиянын башчысы Расмус Палудан акция өткөрүп, анын жүрүшүндө Куранды өрттөшкөн. Алардын бул аракети мусулман коомчулугу арасында катуу сынга кабылып, каршылык акциялары өткөн.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version