Депутат зордукталган 13 жашар кыздын ишин караган соттүн үстүнөн башкы прокурорго даттанды   

Депутат зордукталган 13 жашар кыздын ишин караган соттүн үстүнөн башкы прокурорго даттанды   

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышына байланыштуу Башкы прокурорго кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу эл өкүлү  «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Мен депутат катары жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрайымы катары мыйзамдуулукту жана акыйкатты талап кылам», — деп жазган депутат айым.

Никитенко аталган ишке тиешеси барлардын баары тийиштүү жана мыйзамдуу жазасын алуусу үчүн аягына чейин күрөшөрүн жазган. 

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдеткен. Жабырлануучунун жактоочусу сот  айыпталуучуга карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишти «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми аны кошо айыпталып жаткан  Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды актап жибергенин айткан. 

Бул окуя боюнча социалдык түйүндөрдө адамдар ачуу сындарды жазып, өкүм чыгарган сотко чара көрүүнү талап кылышууда.

[su_image_carousel source=»media: 51771″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>