Депутаттар өкмөткө мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүүнү тездетүүнү тапшырды

Депутаттар өкмөткө мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүүнү тездетүүнү тапшырды

Азыркы тапта мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүүнү ыкчамдатуу зарыл. Мындай сунуш  бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда эл өкүлдөр тарабынан берилди.

Отурумда чет өлкөдө калган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу маселеси талкууланды.

Депутаттар башка мамлекеттердин аба майдандарында мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктар арбын экенине токтолушуп, аларды мекенине кайтарууну ыкчам түрдө ишке ашыруу зарылчылыгын кошумчалашты.

Алсак, депутат Жылдыз Мусабекова Түркиянын ири шаарларындагы аба майдандарында 400 мекендешибиз өлкөгө келе албай жатканын айтып, аларды таштап койбой тез арада чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев: “30 жылда Кумтөр Кыргызстанга 5 млрд. доллар жардам берди. Бирок, ушул эле мөөнөт аралыгында кыргызстандык мигранттар өлкөбүзгө 60 млрд. доллар көмөк көрсөттү. Азыр алар биринчи жолу Өкмөттөн жардам сурап жатат. Андыктан, мойнубуздагы парзды аткарып, чет жерде калган мекендештерибизди алып келели. Эгер алып келе албасак, ошол жактагы дипломатиялык каналдарыбыз аркылуу аларга колдоо көрсөтөлү”, – деди.

Буга кошумча депутат Руслан Казакбаев чет мамлекеттеги элчиликтер биздин жарандардын укугун коргоп, аларды мекенине кайтаруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүү керектигин белгилеп, көйгөйдү саясатташтырбоо сунушун берди.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралды. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>