Депутаттар Акаев менен Төрөбаев кайым айтышты

Депутаттар Акаев менен Төрөбаев кайым айтышты

Жогорку Кеңештин 10-марттагы жыйынында Бакыт Төрөбаев менен Жанар Акаев кайым айтыша кетти.

Анда Төрөбаев кесиптеши Жанар Акаевдин сөзүнө нааразычылыгын билдирди.

“Азыр Жанар Акаев кыйытып айтып кетти. Мен бир дагы президенттин баласы болгон эмесмин. Президент мага айткан сындарды даары деп коём. Аны коркпой, уялбай эле айтам. Ал киши өз ыктыяры менен кеткен, биз ага баа бердик. Бирок, баласы атасын саткан оор күнөө. Эч качан утутпагын, сен ким элең, анан ким болдуң?. Мен сага тийишпедим эле, сен мага кыйытпай сүйлөө”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми Акаев кесиптешин келген президенттин этегине намаз окуйсуң деп айыптады.

“Катуу тийип, чычалап жатканы жакшы. Максатыма жетип, депутаттарды ойготуп койгонума кубанычтамын. Атамбаев менен иштегениме сыймыктанам. Анткени биз болгонун болгондой айтып турганбыз. Силер канча мыйзамсыз нерселер болгондо унчукпай отургансыңар. Мен сиздин ордуңузда болгондо чыгып таптакыр сүйлөбөйт элем. Улам келген президенттердин этегине намаз окудуңуз. Атаңыздын татыктуу уулу боло алган жоксуз, атаңыз ушул жерде депутат болгон”, — деди Акаев.

Ага чейин Жанар Акаев: «Регламентке өтөлү десек эле, чыгып алып Жапаровду колдойбуз деп жатасыңыр, Атамбаевдин учурунда антим эле деп азыр баатыр болуштун кереги жок”, — деген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>