Жогорку Кеңеш 17-январь күнү Коргоо министрлигинин «Фрунзе-1» авиабазасында кулаган Ми-8 тик учагын кайра калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов сунуштады.
Эл өкүлү кырсык учурунда каза болгон капитан Жайыл Самудиновдун үй-бүлөсүнө жана жабыркаган аскер кызматкерлерине дагы көмөк көрсөтүүгө чакырды. Ал үчүн депутаттар бир күндүк айлык акысын чегеришет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз