Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ош жана Жалал-Абад облустарында жабылган мечиттерди ачууну сунушташты.
Шайлообек Атазовдун пикиринде, мечиттерди жапкандар президенттин атынан иш алып барып, өлкө башчысын элге жаман көрсөтүү аракетин көрүүдө.
“Жалал-Абадда 69, Ошто 39 мечит жабылды. Бул президенттин тапшырмасы деп жатыптыр. Элге президентти жаман көрсөтүү аракети болуп жатат. Мечит маселесин дыкат карасаңар. Аркы дүйнөгө кеткенде мечитке барганыңар гана жардам берет”, — дейт ал.
Депутат Жалолидин Нурбаев мамлекеттик органдарга мечиттердин маселесин чечүүгө жардам берүүнү сунуштады.
“Өрт өчүргүч каражаты, документи жок болсо эле жабылып калыптыр. Мекемелер жардам беришсин”, — дейт ал.
Төрага Нурланбек Шакиев мамлекет динге кийлигишпестигин, бул боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чечерин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз