Site icon Reporter.kg

Депутаттар өкмөттөн Баткенге ар тараптуу жардам көрсөтүүнү өтүнүштү

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, коопсуздук маселеси да айтылды.

Алсак, депутат Нурлан Ражабалиев менен Чыңгыз Ажибаев Баткендеги калктын коопсуздугун коргоо, социалдык көйгөйлөрүн чечүү багытындагы иштерди жигердүү жүргүзүүгө чакырышты.

Нурлан Ражабалиев Баткендик студенттердин контрактык төлөмдөрүнө, насыяларына жеңилдиктерди берүү зарылчылыгына токтолду.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев маалымат коопсуздугун да эске алууга үндөп, муну менен катар элден чогулган каражаттын эсебинен калкка курал алып берүү керектигин сунуштады.

Ошондой эле депутат Фарходбек Алимжанов спортчуларды тарбиялаган Бишкектеги спорттук мектепти кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында атайын мектеп ачуу зарыл экенин кошумчалады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version