Site icon Reporter.kg

Депутаттар үч чиновниктин иши боюнча президентке кайрылат

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин  «ээлеген кызматына татыктуубу» деген сунуш президент менен өкмөт башчыга жөнөтүлөт. Бул тууралуу парламенттеги «Элдик» тобу жана «Альянс» фракциясынын жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Жыйында депутаттар эмгек мигранттардын маселесин карап жатып, бул багыттарды караган министр менен өкмөт башчынын орун басарынын отурумга келбегенин сынга алышты.

Мындан улам «Элдик» тобунун башчысы жыйындан кийин тиешелүү чечим кабыл алынып, аталган чиновниктер боюнча президент менен өкмөт башчыга сунуштар берилерин билдирди. Анын айтымында, алардын кызмат ордуларында иштөөгө татыктуубу деген маселе турат.

«Отчет берип, эл алдына чыгып сүйлөй албаган министр мигранттарды коргоп, мыйзамдуу укуктарын сактай алабы? Жок. Азыр эле айтып өттүм, чечим кабыл алып, кызмат ордуларында кандай иштеп жатканы, жоопкерчилиги каралсын деген сунушубузду министрлер кабинетинин төрагасы менен президентке беребиз», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version