Site icon Reporter.kg

Депутаттар жаназага кетип, парламенттин жыйыны жылдырылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны саат 10дон саат 2ге жылдырылды. Бул боюнча парламенттен билдиришти.

Ага вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин атасынын жаназасы себеп болгону кабарланды.

Эл өкүлдөрү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында өтө турган тажыяга катышат.

Белгилей кетсек, эртеңки Жогорку Кеңештин жыйыны 9-майга карата өтпөйт. Төрага Нурланбек Шакиев Жеңиш аянтында өтө турган майрамдык иш чарага катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version