Садыр Жапаров Жоргорку Кеңештин депутаттарын бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденцияга чайга чакырды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге эл өкүлү Карим Ханжеза ырастады.
Анын айтымында, президенттик администрация жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн эл өкүлдөрү менен дасторкон үстүндө жолугушмай болгон.
Дагы бир парламентарий президенттин «чайын ичүү» бул адатка айланып бара жатканын айтты. Анын пикиринде, депутаттар аткаруу бийлигин, өлкө башчысын колдоп, мыйзам долбоорлорун кабыл алып берип жаткандыктан конструктивдүү кызматташуу үчүн ыраазычылык иретинде кече уюштурулуп жатат.
Жогорку Кеңеш өзүнүн жаңы жылдык кечесин эртең белгилейт.
Белгилей кетсек, парламент президенттин Элдик курултайдагы сөзүн жерде калтырбай мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун эки окууда талкуусуз колдоп берген.
Садыр Жапаров акыркы 3 жылдан бери эл өкүлдөрүн Жаңы жыл алдында чайга чакырып келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз