Site icon Reporter.kg

Депутаттардын бири окуучуларга күндөлүк тапшырса, бирөөсү акча чогулткан мечитти ачты

Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаевдин атынан Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын мектептеринин окуучуларына күндөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Күндөлүк депутаттык демилгеси менен чыгарылып, ал 1-4-класска чейинки  17 миң 269 балага берилди.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында жаңы мечиттин ачылышына катышты.

Маалыматта токтоп калган мечитти куруу үчүн депутаттын демилгеси Жайыл районунда марафон уюштурулуп, 5 миллион сом чогулган. Ага кошумча «Катар» кайрымдуулук фонду 30 миллион сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Exit mobile version