Депутаттардын интернетти көзөмөлдөө аракетинин артында эмне турат? — видео

Депутаттардын интернетти көзөмөлдөө аракетинин артында эмне турат? — видео

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова интернетке көзөмөлдү күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун талкууга алып чыкты.

Тогуз беренеден турган мыйзам долбоордо  интернет колдонуучулардан тартып, сайттын кожоюндары, Интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган.

Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда Интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары айтылат.

Интернетке чектөө киргизүү аракетине коомдо жалган маалыматтардын көбөйгөнү себеп болуудабы же бул сөз эркиндигине карта  жасалып жаткан кезектеги чабуулбу?

Reporter.kg ушул жана башка суроолордун алкагында экспертер  жана юристтер менен онлайн талкуу уюштурду. 

Талкууга Журналситтер коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, медиа эксперт Азамат Тынаев жана юрист, медиа эксперт Нурбек Садыков катышты.

Талкууну төмөнкү видеодон  толугу менен көрө аласыздар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>