Site icon Reporter.kg

Депутаттарга кызматтык унаалар берилет

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаалар берилет. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитинин 14-мартта чыккан санына жарыяланды.

Мыйзамга президент Садыр Жапаров 11-мартта кол койгон.

Мыйзамга ылайык, ЖКнын депутаттарына кызматтык унааны беүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Ошондой эле депутаттар өзүнүн жеке автоунааларын да колдоно алышат.

 

Exit mobile version