Site icon Reporter.kg

Депутаттарга кызматтык унаалар кайтарылбай турган болду

Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаалар кайтарылбайт. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова буга чейин аталган мыйзам долбоору президенттин каршы пикири менен артка кайтарылганын, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлгөнүн, бирок алар бир пикирге келе албай калганын айтты. Натыйжада аны четке кагуу сунушталган.

Ошондой эле баяндама жасаган каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева депутаттарды кызматтык унаа менен камсыз кылуу үчүн жаңы унаа сатып алуу, айдоочуларды жалдоо керек болорун, анын баарына бюджеттен акча кетерин, бирок быйылкы жана алдыдагы эки жылдын бюджетинде ал үчүн акча каралбаганын белгиледи.

Натыйжада комитеттин депутаттары мыйзам долбоорун четке какты.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун даярдаган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, депутаттар 2015-жылы баш тарткандан бери кызматтык унаа мине элек. Учурда аял депутаттарда гана 2022-жылы берилген кызматтык унаалары бар.

Төраганын орун басары депутаттарга кайрадан кызматтык унаа берүүнү сунуштоодо

Exit mobile version