Site icon Reporter.kg

Депутаттык комиссия Бишкекке көп кабаттуу үй курууга тыюу салды

Башаламан курулуш боюнча депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана башка шаардык кызматтардын маалыматы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналына билдирди.
Анда депутаттык комиссиянын чечимин жазды:

— Министрлер Кабинетине жана Бишкек шаарынын мэриясына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдү инженердик-техникалык коммуникацияларга кошууга уруксат берүүгө тыюу салууну сунуш кылсын;

— турак жайларды, көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берүүнү токтотуу;

 

— көп кабаттуу үй курууга уруксат алуу менен Билим берүү, саламаттыкты сактоо департаментинен жана Жаратылыш министрлигинен макулдук алууга.

Буга чейин Бишкек шаарындагы башаламак курулуш иштери боюнча атайын комиссия түзүлгөн болчу.

 

Exit mobile version