Депутаттык мандатынан ажыраган Текебаевдин ордуна ким келери белгилүү болду

Депутаттык мандатынан ажыраган Текебаевдин ордуна ким келери белгилүү болду

«Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаевдин ордуна тизме боюнча кийинки турган Шералы Абдылдаевге депутаттык мандат берилет.

3-мартта Жогорку Сот БШКнынТекебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

БШКнын маалыматына караганда, Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат «Ата Мекен» партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>