Site icon Reporter.kg

Депутаттыкка талапкер Келдибаев Орусиянын жараныбы?

“Ынтымак” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Сагындык Келдибаевдин орусиянын  жарандыгыны тастыктаган паспорту бар. Бирок, ошол эле маалда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон өттү. Бул туурасында “Апрел” өздүк булактарына шилтеме берип жазды.


Анадагы маалыматтарга караганда, “Орусиялык паспорт” автоматташтырылган системадан алынган маалыматтарда Красноярск крайынан 2012-жылдын 11-сентябрь күнү паспорт  алган. Эң кызыктуусу бул 3-ирет паспорттуу болгон.

Биринчи жолу 2006-жылы Сагындык Келдибаев жаңы жарандык алган. Андан соң паспортун жоготуп жиберген. 2008-жылы экинчи жолу паспорт алган. Аны 2012-жылга чейин колдонгон. Кайра ал паспортун жоготуп, издөө жарыяланган.

Үчүнчүсү  ушул тапта колдонуп жүргөн паспорту.

Орусиянын Федералдык салык кызматынын расмий булактары бул маалыматты тастыктады. Андан жеке номерин таба алдык. Ал үчүн Сагындык Келдибаевдин паспорттук маалыматтарын атайын формага киргизүү жана ФСКнин маалымат базасынан анын учурдагы 246212783690 жеке маалыматын алуу мүмкүн болду.  .

Кыргызстандын мыйзамдарында чет өлкөлүк жарандар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер да, депутат боло албайт. 2018-жылы экс-депутат Ыргали Кадыралиева Сагындык Келдибаевди Орусиянын жараны экенин айтып чыккан.

Эмнегедир 2018-жылы «Республика-Ата-Журт» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Exit mobile version