Site icon Reporter.kg

Депутатык мандатын тапшырган Гүлшаркан Култаева БШКнын мүчөсү болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшаркан Култаева Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсу болуп шайланды.

Култаеванын талапкерлиги бүгүн, 19-февралда парламенттин жыйынында каралды. Анын талапкерлиги президент тарабынан сунушталган.

Депутаттар Култаеваны БШКнын мүчөсү кылып суроо-жоопсуз эле шайлады.

Эскерте кетсек, Гүлшаркан Култаева 18-февралда депутаттык мандатын тапшырган. «Ата-журт Кыргызстан» партиясынын катарынан депутат болгон Култаеванын мандаты талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган Гүлсункан Жунушалиевага тийген.

Депутат болгон Гүлсункан Жунушалиева Жогорку Кеңеште ант берди

Exit mobile version