Site icon Reporter.kg

«Диамеддин» 3 гемодиализ борборунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына нааразычылык билдирген кайрылуулардан кийин “Диамед” ЖЧКсынын үч гемодиализ борборунун лицензиясы 3 айга токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аталган борбордо лицензиялык талаптардын бузулушу аныкталган. Мындан улам лицензиялык комиссия “Диамеддин” лицензиясын мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 90 күнгө токтоткон.

Лицензия «Диамеддин» төмөнкү даректерде жайгашкан филиалдарында токтотулган:

Министрлик аталган борборлордо дарыланып жаткан бейтаптар башка гемодиализ кызматын көрсөткөн борборлорго которулганын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги: “Диамед” ЖЧКсынын лицензиясынын токтотулушу Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши менен байланыштуу эмес экенин белгилейт. Тактап айтканда, прокуратура тарбынан иш козголгон эмес. Бул тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт»,- деп кошумчалады.

Exit mobile version