Site icon Reporter.kg

Диетолог ден-соолукка пайдалуу, бирок арыктоого тоскоол болгон азыктарды тизмектеди

Диетолог Роза Мария Эспиноса ден-соолукка пайдалуу деп эсептелген, бирок арыктоого тоскоол болгон азыктарды тизмектеди. Бул тууралуу lenta.ru басылмасы жазды.

Эспинозанын айтымында, кардарлар кээ бир азыктарды ден-соолукка пайдалуу жана калориясы аз дешет, бирок бул туура эмес.

«Көпчүлүк дан эгиндеринен жасалган, эртең менен иче турган өнүмдөрдү алышат, аны керектөөчүлөр калориялуу эмес деп эсептешет. Анткени алар таңгагында сымбаттуу аялдын сүрөтү тартылып турса эле салмак таштоого болот деп ойлошот. Чындыгында, дан эгиндеринде кант көп кездешерин аларда таптакыр клетчатка жок», — деп түшүндүрдү диетолог.

Адис сатылып алынган томат пастасынан баш тартууну жана үй шартында даярдоону сунуштайт, анткени заводдук продукцияга кант көп өлчөмдө кошулат.

Эспинозанын айтымында, салмакты жоготуу жагынан смузилерди эки ача мааниге ээ продукт деп да атаса болот. Бул суусундукту жумасына беш эсе ашык ичүү жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келиши мүмкүн.

Тамактануу боюнча машыктыруучу Сюзана Леон кургатылган жемиштерде калория көп экендигин айтты.  

«Алардын керектөөсүн кыскартып, кадимки жемиштерди тандасаңыз жакшы болот. Эксперт ошондой эле бальзам уксузун азайтууга кеңеш берет: 100 грамм азыктын курамында 22 грамм шекер жана 110 калория бар. Калория жана соя соусу: 100 граммда 275 калория жана көп туз бар», — деп белгиледи.

Диетолог Палома Кинтана бышырылган жумуртканы, жемиштерди, ак сырды жана кант кошулбаган табигый айранды тандоону сунуштайт.

Буга чейин диетолог Ольга Деккер өзүнүн блогунда арыктоону каалагандар үчүн алмаштыргыс азыктарды санап өткөндүгү маалымдалган. Адис мөмө-жемиштерди, ортодо жаңгакты аз өлчөмдө аралаштырып жеп турууну, ошондой эле дан эгиндеринен жасалган нан тандоону сунуштады.

Exit mobile version