Site icon Reporter.kg

Динамикалуу өнүгүүнүн жана ийгиликтин 15 жылы: MegaCom туулган күнүн майрамдайт!

Туура 15 жыл мурун Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногунда MegaCom уюлдук оператору пайда болгон. Ал эми коммерциялык ишке берүү 2006-жылдын 28-апрелинде башталган.

Компания тарабынан сунушталган эң алгачкы «Сүйүнчү», «Сөз», «MegaХит» тарифтери ыңгайлуу жана пайдалуу тарификациясынын арты менен жүз миңдеген абоненттердин ишенимине арзыды. Бүгүнкү күндө компаниянын кызматтарынан өлкө боюнча 3 миллиондун тегерегиндеги абоненттер колдонуп келишүүдө. MegaCom корпоративдик байланышынын пайдасына 3 миңден ашуун ири коммерциялык уюмдар, мамлекеттик мекемелер өз тандоолорун жасашты.

– Мен MegaCom’дун кызматтарынан дээрлик 15 жылдан бери колдонуп, ушул жылдар бою компаниянын туруктуу абоненти болуп келе жатам. Менин бардык досторум, туугандарым жана бейтаптар дагы номерим эч качан алмашпай тургандыгын билишет, — деп MegaCom менен болгон достугун дарыгер Гульнара Ташибекова айтып берди.

– MegaCom рынокто пайда болгондо биздин үй-бүлө алгачкылардан болуп жаңы оператордун SIM-карталарын алганыбыз. Ал учурда мен мектепте окуп жүргөн кезим болчу, — деп эскерет юрист Эрлан Ажиев. – Ошондон тарта, 15 жылдан бери биз баарыбыз MegaCom’дун ыңгайлуу тарифтерин, пайдалуу жана актуалдуу кызматтарын, жана албетте, ишенимдүү байланышын колдонуп келебиз! Мен уюлдук оператордун кызматкерлерин жана жалпы абоненттерди компаниянын 15 жылдыгы менен куттуктайм. MegaCom’дун миллиондогон абоненттеринде ар дайым мыкты байланыш болсун!

– Мен 14 жыл, 9 ай жана 12 күндөн бери MegaCom’дун колдонуучусу болуп келе жатам. Анан калса буга өзүм таң калып жатам. Көрсө мен байланыш жаатында консерватор окшойм. Мен үчүн бул өтө маанилүү, анткени менин жумушум жалаң интернет менен байланыштуу жана чалууларды дагы көп аткарам, – дейт журналист Диля Юсупова. – Мени оператордун ишенимдүүлүгү кубандырат, MegaCom’дун туруктуу күйөрманы экенимдин себеби да ошондон. Компанияга ийгилик каалап, мындан аркы өнүгүүсүнө жана түйүндүн кеңейишине тилектешмин.

MegaCom – Кыргызстандын 99 пайыз калктуу аймагында жашаган абоненттерди сапаттуу байланыш жана интернет менен камсыздаган жогорку технологиялык байланыш оператору.

Компания мамлекеттик казынага миллиарддаган каражаттарды түшүргөн республикадагы ири салык төлөөчү алдыңкы мекемелердин бири болуп эсептелет. MegaCom компанисынын 100 пайыздык акция топтомдору иштеп тапкан ар бир сомунан бери өлкөнүн казынасына түшүрүп жатканын сыймыктануу менен айта алат.

MegaCom’дун социалдык-кайрымдуулук боюнча ишмердүүлүгү компаниянын корпоративдик стратегия бөлүгүн түзүп, уюмдун баалуулуктарын чагылдырат.

15 жыл аралыгында оператор Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, карылар үйлөрүнө, кароосуз калган балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына да жардам көрсөтүүнү салтка айлантып, калктын аялуу катмарынын негизги муктаждыктарын канааттандырууга аракет жасап келет.

Компания искусство жана спорт жаатын дагы туруктуу колдоп келе жатат. Негизделгенден баштап MegaCom чоң масштабдагы өлкөнүн ири иш чараларына башкы өнөктөш катары катыша алды.

Уюлдук оператор санариптештирүү долбоорлору боюнча мамлекеттик структуралар менен активдүү кызмат алып барат. MegaCom менен мамлекеттин үзүрлүү иштешүүсү катары Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрликтери менен чогуу жогорку технологиялык байланыш сервистерин ийгиликтүү ишке ашыруусун айтсак болот.

Технологиялар бир орунда турбайт эмеспи, абоненттер арасында ай сайын байланыштын заманбап кызматтарына болгон талаптары өсүп турат. Бул нерсе MegaCom’ду техникалык жактан өнүгүп турууга шыктандырат.

Жабдууларды модернизациялоо боюнча иштер оператордун адистери тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Ар бир кызматкер анын профессионалдуулугунан миллиондогон абоненттер колдонуп жаткан байланыштын сапаты көз каранды экендигин жакшы түшүнүп, ар бир жасаган ишине жана кабыл алган чечимдерине олуттуу мамиле жасайт.

MegaCom – сапат менеджмент системасынын ISO 9001:2015 версиясы боюнча эл аралык сертификациядан өткөн өлкөдөгү эң алгачкы жана жалгыз уюлдук байланыш оператору болуп саналат. Компания өз кызматкерлерин жогору баалап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанат. Алсак, MegaCom’до компания түптөлгөндөн бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлер бар, алар өз иштери боюнча жылуу пикирлерин айтып келишет.

– Компания өнүгүүнүн ар кандай баскычтарын басып өттү. Башталуу этабында эле биз ишенимдүү өсүүнү жана калыптанууну байкадык. Азыр компания андан бир топ жетилди, биз дымактуу жана татаал долбоорлорду коркпой ишке ашырып келе жатабыз. Ушул себептен компанияда иштөө ар дайым кызыктуу, — деп эскерет « Альфа Телеком» ЖАКтын маалымат технологиялары боюнча директору Михаил Пшеничников 15 жылдык кызматы тууралуу.

– MegaCom менин экинчи үйүм болуп калды. Мен бул жерде өтө көп убактымды өткөрөм. Кээде жакындарым мени жумушуман кызганып да кетишет, — дейт компаниянын биллинг бөлүмүнүн башчысы Кристина Рудометкина. – Биз MegaCom — абоненттердин жашоосунун бир бөлүгү экенин билебиз, ошондой эле аларсыз MegaCom компания катары иштебей калат. Ошол себептен биз бир бүтүндүктө, бири-бирибизге пайдалуу болушубуз керек.

– Мен иштегени MegaCom’го келгенде анын офиси «ЦУМда», «Илбирсте» жана «Аламүдүн-1» кичирайонунда, 3 бөлөк жерде болчу, — деп эскерет «Альфа Телеком» ЖАКтын сатуу тармагын колдоо боюнча адис Аида Тыналиева. – Эсимде, 15 жыл мурун бардык көрүнүктүү жерлерде « Сүйүнчү» деп чоң баннерлер илинип турганы баарын таң калтырган. Көптөр бул эмненики болду экен деп кызыгышкан. Андан кийин бул жаңы уюлдук байланыш операторунун жарнамасы экенин билгенбиз.

– Компания катары калыптануу этабында MegaCom’дун кызматкерлери өз убактысы менен эсептешпестен, күнү-түнү иштешкен. Ушундай эмгектин арты менен компаниянын рынокко кирүүсү кыйла натыйжалуу болду, — деп белгилейт объектилерди коргоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Искендер Абдыашым уулу.

– Биздин компания катардагы адистерден тартып жетекчилерге чейин, ар бир кызматкерин жогору баалайт. Компанияны кадрларды таптоочу «устакана» десек болот. Эмгек жолун 15 жыл мурун MegaCom’дон баштаган кызматкерлердин көпчүлүгү бүгүнкү күндө чет өлкөлүк ири долбоорлордо иштешет жана албетте, биз муну менен сыймыктанабыз, — деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКтын транспорт жана логистика бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Кыдыров.

15 жыл ичинде MegaCom өлкөнүн телекоммуникациялык рыногунда негизги лидер боло алды. Уюлдук оператор, анын жетекчилиги жана негизги кызматкерлери сапат жагынан жана башка чечүүчү көрсөткүчтөр боюнча да бир нече ирет жогорку сыйлыктарга татышканы бекеринен эмес.

Азат Базаркулов, «Альфа Телеком» ЖАКтын Башкы директору:

— Бул жылдар аралыгында компания миллиондогон абоненттердин ишенимине арзып, ар бир кыргызстандык үчүн ишенимдүү санарип өнөктөш боло алды. Бүгүнкү күндө MegaCom – көрсөткөн кызматтарынын сапаты боюнча лидерлик сапта турган Кыргызстандын ийгиликтүү телеком-оператору болуп саналат. Компания жеке түйүндү өнүктүрүү, жабдууларды модернизациялоо, өлкөнүн аймактарында була-оптикалык байланыш линияларын куруу жана каптоо аймагын кеңейтүү үчүн өзү каражат инвестициялайт.

15 жыл ичинде MegaCom’дун өткөргүчтүк касиети болжол менен 26 000ге өстү, интернет трафиктин керектөөсү 24 миң эсе өсүп, муну менен катар интернетке болгон нарк 5000 эсеге төмөндөдү.

MegaCom мамлекеттик кызматтардын, сервистердин жана фискализация процесстерин санариптештирүү демилгесин колдоп, инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгып, колдонууга берип келет. Тиешелүү профилдик мекемелер менен биргеликте, биз мамлекеттик кызматтарды MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн колдонуу үчүн сервистерди ийгиликтүү ишке ашыра алдык.

Компаниянын юбилейине карата биз бир топ долбоорлорду даярдадык, анын эң негизгиси — өлкөнүн бардык бурчунан кичинекей бейтаптарды кабыл алуучу №3-шаардык балдар ооруканасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү болуп саналат. MegaCom саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну колдоого өзгөчө маани берген мекеме катары, компаниянын 15 жылдыгынын салтанаттуу мааракесин өткөрүүгө сарпталчу каражатты балдарды дарылоочу мекеменин шарттарын жакшыртууга жумшоону чечти. Азыр улуттун жана келечек муундун саламаттыгы өзгөчө мааниге ээ болуп турган учур.

Урматтуу абоненттер, Сиздерди MegaCom’дун 15 жылдыгы менен кызуу куттуктап, мамлекеттик байланыш операторун колдооңуздар үчүн, ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Бүгүнкү күнү дүйнөнү уюлдук байланышсыз, ал эми Кыргызстанды рыноктогу тренддер менен камсыздап, дымактуу идеяларды ишке ашырып келе жаткан MegaCom операторусуз элестетүү мүмкүн эмес. 15 жыл мурун эле көпчүлүк MegaCom компаниясы кандай масштабдагы өнүгүүгө жетишерин элетсете да алышкан эмес.

Exit mobile version