«Динсиздерге каршы жихад» жасоону көздөгөн адам кармалды

«Динсиздерге каршы жихад» жасоону көздөгөн адам кармалды

«Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» радикалдык экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айында Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү боюнча («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, алып жүрүү, жеткирүү») сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунда туулган 25 жаштагы У. Д. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынган.

Натыйжада шектүүнүн үйүнөн эл аралык террордук жана радикалдык экстремисттик уюмдарга тиешелүү кол жазмалар, дисктер табылды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө У. Д. өзү дагы кармалып, жанынан «динсиздерге» каршы жихад жасоо жөнүндө маалыматтар камтылган блокнот алынган.

Шектүү Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

Тэги: Жихад ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>