Site icon Reporter.kg

Дипфейк менен алдагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев жарандардын жеке маалыматын камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга сунуштады.

Анда жеке маалыматтарды коргоо менчик ээсинин, тийиштүү оператордун, ошондой эле үчүнчү жактардын милдеттери экени көрсөтүлөт.

Анда жасалма интеллекттин өнүгүшү менен “чыныгы ” дипфейктер пайда болуп, ал коомдук пикирге, саясий процесстерге, ишкердик репутацияга жана адамдардын жеке жашоосуна таасир берип жатканы айтылат.

Сүрөттөр, аудио, видео жасоо үчүн жеке маалыматтарды макулдуксуз колдонууга тыюу салынат:

-Текстти сөзгө которуу,үндү өзгөртүү, үн атрибуттарын оңдоо;

-Бетти алмаштыруу, каармандардын атрибуттарын оңдоо, бет манипуляциясы, поза менен манипуляциялоо жана башка сүрөттөрдө жана видеоконтенттерде жүздөрдү жана башка биологиялык өзгөчөлүктөрдү түзүү же оңдоо технологиялары;

-Виртуалдык көрүнүштөрдү түзүү же редакциялоо технологиясын колдонуу.

Адамдын макулдугуз анын жеке маалыматтын дипфейкте колдонгондор 1-3  жылга түзөтүү жумуштарына, же 3 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат. Же ага 50 миң 100 миң сом айып пул салынат.

Эгер дипфейк ал адамдан өч алуу максатында жасалып, анын кесиптик же коомдук милдетти аткаруусуна таасир берсе, анда айып пулдун өлчөмү 200 миң сомго чейин көбөйөт.

 

Exit mobile version