Диплом чыры. Шаардык сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимине каршы доо арызын карады. Бишкек шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапкан административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Эскерте кетсек, БШК 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. … Читать далее Диплом чыры. Шаардык сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты