Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери башкы имаратынын айлана-тегеретесин толугу менен тазалап чыгышты. Андан тышкары маңдайындагы “Эркиндик” бульварын дагы кошо тазалоого үлгүрүштү. Тротуарларды шыпырышты, газондорду жана сугат арыктарын таштандылардан жана кургак чөптөн тазалашты. Бул маалыматты башкы дипломатиядан билдиришти.