Site icon Reporter.kg

Дмитрий Бивол Рамирести жеңип, чемпиондук курун коргоп калды

Abu Dhabi, United Arab Emirates: Dmitry Bivol vs Gilberto Zurdo Ramirez, WBA Light Heavyweight World Title. 5 November 2022 Picture By Mark Robinson Matchroom Boxing Dmitry Bivol wins

Кыргызстанда төрөлүп өскөн профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол Абу Даби шаарында өткөн бокс боюнча мелдеште мексикалык Хильберто Рамирести жеңди.

AllBoxing порталынын маалыматы боюнча, Бивол бул беттеште Бивол орто оор салмактагылар арасында WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын төртүнчү ирет ийгиликтүү коргосо, Рамирес карьерасында биринчи жолу жеңилүү ызасын тартты.

Таймаш 12 раунд менен өтүп, соңунда калыстар Биволдун пайдасына чечим чыгарышты. Май айында анын учурдун мыкты мушкери атыккан Сауль Канело Альварести жеңгени көпчүлүк бокс сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version