Аймактар аралык жана диндер аралык кастыкты коозутууга шектелип кармалган философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева үй какмагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук соттун 23-апрелиндеги токтомуна ылайык, шектелуучу Гүлзат Аалиевага карата богот коюу чарасы катары уй камагы 21-июнга чейин тандалды.
Белгилей кетсек, Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартуу керектигин айтып, анын үстүнөн милицияга арыз жазышкан.