Site icon Reporter.kg

Документ жасап, башка бирөөнүн жерин сатып жиберген шектүү кармалды

Чүйдө 44 жаштагы жаран жасалма документтер менен башка бирөөлөрдүн жерлерин сатып жүргөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматкы ылайык, 17-февралда милицияга С.А. аттуу жаран кайрылып, 2021-жылдын 24-майынан 2022-жылдын 11-февралына чейин Ж.Б. аттуу жаран ага жасалма ишеним каттын негизинде Сокулук районунун Кожомкул айылындагы башка бирөөлөрдүн айыл чарба жерлерин сатып жибергенин билдирген. Кийин 2023-жылы январда ошол эле айылдан дагы бир жерди алдап саткан.

Алданган жаранга 1 млн 330 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин (документтердин жасалмасын жасоо) жана 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Ж.Б. аталган жер тилкелерге документтери жок туруп, жеке нотариустун атынан ишеним каттагы кол тамга менен мөөрдү жасалмалап, алдоо жолу менен башкалардын жер тилкелерин С.А.га саткан.

44 жаштагы шектүү Ж.Б. 18-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн мурда соттолгону белгилүү болгон.

Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө уланып жатат.

 

Exit mobile version