Site icon Reporter.kg

Депутаттын мал-жандыкка салык киргизүү сунушу коомдук талкууда

Жогорку Кеңеште мал-жандыкка салык киргизүүнү караштырган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны депутат Жеңишбек Токторбаев иштеп чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, 40 кой (эчки), 3 бодо мал жана 2 жылкыдан көп мал кармаган малчылар мал-жандык үчүн салык төлөйт. Алар жылына бир жолу 1 кой (эчки) үчүн 100 сом, 1 бодо мал (уй-бука, топоз) үчүн 250 жана 1 баш жылкы үчүн да 250 сом төлөй турганы каралган.

Мал-жандык үчүн салык төлөгөндөр жайыт пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүү сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан.

Депутат Токторбаев мал-жандыкка салык киргизүү сунушун түшүндүрдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version