Доллар 85 сом! Улуттук банк үч күн катары менен интервенция жүргүздү

Доллар 85 сом! Улуттук банк үч күн катары менен интервенция жүргүздү

Улуттук банк 18-ноябрда кезектеги интервенциясын жүргүздү. Сатыкка 1 миллион 300 миң доллар чыгарылды.

Бул бир жуманын ичиндеги үчүнчү ирет жасалган интервенция. Ага чейинки эки күндө 23 миллион 900 миң доллар интервенция болгон.

Ушуну менен ноябрь айында төртүнчү, ал эми жыл башынан бери 19-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 397,7 миллион доллар коюлду.

Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Бүгүн, 19-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,77 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,85 сом болууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>