Site icon Reporter.kg

Доллар 85 сом! Улуттук банк 26,8 млн сом интервенция жасады

Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги он алтынчы интервенцияны жасады.  Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк 12-ноябрда валюта рыногуна 26,8 млн доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

13-ноябрга карата доллардын расмий курсу 84.9 сом, евро — 100.8 сомдон 101 сомго бааланууда.

Эске сала кетсек, Улуттук банк акыркы ирет 30-октябрда 42.4 млн доллар сатыкка чыгарып, интервенция жүргүзгөн.

Exit mobile version