Site icon Reporter.kg

Доллар дагы кымбаттады

Кыргызстанда доллардын наркы өсүүдө. Бүгүнкү күндө бир доллар дээрлик 82 сомго жакындады. Сатып алуу 80,9-81,5 сомдон болсо, сатканда 81,8-81,9 сом болуп жатат. Муну менен доллар эки күндө эки сомго кымбаттады.

Номиналдык курс 80,7 сом деп белгиленген.

Улуттук банк муну өлкөдөгү учурдагы кырдаал жана бир күн мурун чек арадагы төлөмдөр убактылуу токтотулгандан кийин калыбына келтирилгендиги менен түшүндүрүүдө.

Exit mobile version