Site icon Reporter.kg

Доллар түштү, товарлардын баасы эмнеге арзандабайт? – депутат

Доллардын баасы түштү, бирок товарлардын баасы ошол бойдон турат. Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев көтөрдү.

Анын айтымында, баа саясатын турукташтырууда Министрлер кабинети менен бирге Улуттук банктын дагы жоопкерчилиги бар.

“Баа саясатын турукташтырууга Улуттук банк кандай иш-чараларды жүргүзүп жатат? Баардык товарлардын баасы эки эсеге жакын көтөрүлүп кетти. Айрыкча курулуш материалдары, алар кымбаттоону доллардын көтөрүлүшү менен байланыштырышкан. Эми доллардын баасы түштү, бирок товарлар кымбаттаган бойдон турат. Бул боюнча кандай чараларды көрүп жатасыңар?”, — деп сурады депутат.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш баалар түшпөй жатканына бир нече себеп бар экенин айтты.

“Кыргызстанга импорттолгон товарлардын көбү биржадан келет. Алардын баасы доллар менен бүткүл дүйнөлүк биржаларда аныкталат. Ошондуктан ал товарлардын баасы өстү. Экинчиден пандемиядан кийин логистикалык туташмалар кыйрап, транспорттук чыгымдардын баасы көтөрүлдү. Мындан тышкары, товар тартыгы болууда. Бул боюнча өкмөт жана Каржы министрлиги менен тыгыз иштеп жатабыз”, — деди Нурбек Жеңиш.

 

Exit mobile version