Site icon Reporter.kg

Доллардын курсу дагы көтөрүлдү

Бүгүн, 3-ноябрда Кыргызстандагы коммерциялык банктарда бир доллар 83,05 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Ал эми бир евро – 97,42 сомго чейин өстү, орус рубли 1,05-сомго чейин арзандады, теңгенин курсу 0.1958-сомго чейин арзандады.

Улуттук банк доллардын кыргыз сомуна карата курсу өйдөлөп кетишине ага суроо-талап күчөгөнү себеп болууда экенин билдирди.

Кечээ, 2-ноябрда доллардын наркы 81,80 сом болчу.

Exit mobile version