Доллардын наркы төмөндөй баштады. Учурда курс канча?

Доллардын наркы төмөндөй баштады. Учурда курс канча?

Узак убакыттан бери алгачкы жолу АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. Мындай жыйынтыкты коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлардан көрүп, чыгарса болот. Бул тууралуу «Акчабар» финансылык порталы жазды.

Коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда америка доллары 13-ноябрдан тарта 84.9 сом менен сатылууда. Ошондон бери курстун наркы өзгөргөн эмес. Бул убакыт аралыгында Улуттук банк доллардын сомго карата наркын жакшыртуу үчүн 94 млн 650 миң доллар америка валютасын саткан.

13-декабрдан тарта, АКШ долларынын курсу төмөндөй баштады. Бүгүнкү күндө валютаны 83.8 сом менен сатып алышып, 84-84.2 сом менен сатышууда. Официалдуу курс дагы 0.01% төмөндөп, 84.79 сомду түздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>