Доллардын наркынын өсүшү, азык-түлүктүн баасына залакасын тийгизүүдө

Доллардын наркынын өсүшү, азык-түлүктүн баасына залакасын тийгизүүдө

Пандемияга байланыштуу өлкө аймагында азык-түлүктүн баасы кымбаттаган. Алардын арасында күнүмдүк керектөөчү негизги азыктардын бири болгон өсүмдүк майы, кумшекер, туз, ун жана ундан жасалган азыктардын дагы баасы өскөн. Бүгүн, 4-февралда Reporter.kg эл көп барган Бишкектеги «Ош» базарындагы азык-түлүктүн баасын билип келди.

Өлкөдө абал турукташып калганы менен деле азык-түлүктүн баасы түшпөстөн, кескин жогорулоодо. Акыркы апта аралыгында кумшекердин баасы 5-6 сомго жогоруласа, өсүмдүк майынын баасы 40 сомго чейин өскөн.

Базарда алгач ун саткан жерге барганыбызда ундун жана күрүчтүн баасы акыркы бир ай аралыгында кымбаттабаганын айтты. Булар жергиликтүү өндүрүш болгондуктан сезондук гана кымбаттоо болорун, ал дагы күз мезгилинине туура келерин билдирди. Деген менен базар аралаганыбызда бир эле күрүчтүн баасы 10 сомго чейин кымбаттыгына күбө болдук.

Ун азыктарынан жасалган азыктардын баасы 10-12 сомго, туз 5 сомго чейин өскөн. Чайдын баасы 10-20 сомго чейин жогорулаган.

Сатуучулар мунун себебин доллардын жогорулашы деп түшүндүрүшөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>